Президент Садыр Жапаров Айыл чарба министрлигине 1 млрд сомго сатып алынган 112 атайын техниканы тапшырды.
Министрликке экскаватор, жүк көтөрүүчү манипулятор, бульдозер, грейдер жана башка техникалар алынды. Эми алар райондорго бөлүштүрүлөт.
Мындан тышкары, 48 жол тандабас кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.