"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Президент: “Айдоочулук күбөлүк сатып алам деген ойдон кайтыңыздарчы”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Президент айдоочулук күбөлүк сатып алууну көздөгөн кыргызстандыктарга мындай ойдон кайтуу керектигин эскертти.

Садыр Жапаров былтыр өлкөдө 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болгонун эске салып, айдоочулук күбөлүк сатууну кан буугандай токтотуу керектигин айтты.

Өлкө башчы “Кабарга” берген маегинде эми “Унаа” ишканасына жаңы жетекчи дайындаларын, ага 40 районго автомектептерди ачуу тапшырмасы берилерин кошумчалаган.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version