Ош облусуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди
20-апрелден бери түштүк аймакта сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, автоунааларды агызып кеткен учурлар болгон. Бир адам көз жумганы айтылган.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптады.
Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Айдоочуларга сапарга чыгарда 112 кыска номеринен маалымат алуу сунушталат.
