"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Облус башчысы Орозбеков айыл аймагынын эли менен жолукту

Соц.тармактарда бөлүшүү

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, бүгүн 12-декабрда, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эли менен жолукту.
Жыйында эл жол, суу, электр энергиясына байланышкан суроолор менен кайрылышты. Ошондой эле айылдарда дарыгерлердин жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын билдиришти. Жергиликтүү багбандар мөмө жемиштерин экспорттоодо жаралган тоскоолдуктарды жоюп, көмөк көрсөтүүнү суранышты. Аны менен катар табигат кырсыктарынын алдын алуу багытында, айыл аймакка эки сел тосмосун куруу зарылдыгын айтышты. Ошондой эле, жеке жактар менчиктеп алган СССР мезгилиндеги ишканаларды мамлекетке кайтаруу менен, элдин социалдык муктаждыгын жеңилдетүү боюнча ойлорун ортого салышты.
Облус башчысы элдин суроолоруна жооп берип, бир катар маселелер жеринде тийиштүү жетекчилердин катышуусунда чечүү жолдору талкууланып, элге маалымат берилди.
Ошондой эле турак жай куруу үчүн жер тилкесине болгон муктаждыкты чечүү үчүн, трансформация маселесин тездетүүнү айыл аймак башчысына тапшырды.
Ал эми аймактын инфраструктурасын чыңдоо, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн, айыл өкмөтү, жергиликтүү депутаттар менен биргеликте, натыйжалуу иш алып барууну тапшырды.
Жолугушуудан соң облус башчысы аймактагы бир катар обьекттерден кабар алып, чечилбей келген маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version