"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Нурсултан Сатыбалдиев: «Мыйзамсыз жана кызыл сызыктан чыккан курулуштар тазаланат»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Нурсултан Сатыбалдыев, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы:

«Мыйзамсыз жана кызыл сызыктанчыккан курулуштар тазаланат»

 

Баткен шаарынын негизги көчөлөрүндөгү мыйзамсыз жана кызыл сызыкка чыккандар үстүбүздөгү жылдын 1-февралына чейин толук тазаланат. Мындай пикирин айткан, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Нурсултан Сатыбалдыев мындай зарылчылык шаарды тартипке келтирип, көчө боюндагы соода – сатык иштерин жөнгө салуу экендигин билдирди. Биз бул багытта аталган ишкананын жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылдык.

-Нурсултан Ураимжанович, Баткен шаарында чоң өзгөрүүлөр башталып жатыптыр. Кепти дал ушул жерден баштасаңыз?

-Туура, учурда калкка түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Негизи башка шаарлар ар тараптуу өнүгүп жатса биз эмне үчүн токтоп калышыбыз керек. Эң ириде Баткен шаарын тазалыгын, инфраструктурасын өзгөртүүбүз керек. Ал үчүн шаардагы баш аламан сооданы токтотуп, жол тыгындарын жөнгө салыш үчүн жеңил-желпи башкача айтканда, Баткендин көркүн бузуп, мыйзамсыз курулган же кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды тазалоодон иш баштадык. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Көпчүлүк шаардыктар бизди мындай чечкиндүү кадамдарыбызды туура түшүнүү менен 1-февралга чейин убакыт сурашты. Шаардыктардын мындай сунушун туура кабыл алып, макул болдук. Буюрса, 1-февралга чейин Нургазыев көчөсүнөн баштайбыз.

– Базарларды тартипке келтирмейин шаарды таза кармоо, жол тыгындарынан арылуу жеңил болбосо керек?

– Шаардагы бардык базарлар Салихов көчөсүндөгү «Биримдик» базарына көчүрүлөт. Автобазанын ичиндеги буга чейин болуп келген, соода – сатык иштери токтотулат. Мындай кадамдар менен биз эң ириде тазалыкты иретке келтирип, жол тыгындарынан арылабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой 2026-жылдан баштап, Чет-Булактагы курулуп жаткан чоң базар ишке кирип, бардык соода – сатык иштери менен гана алектенгендер ошол жакка көчүрүлөт.

– Шаардыктарды көйгөйгө салган дагы бир маселе канализация менен таза суу жөнүндө эмне айта аласыз?
-Баткен шаарына 36 чакырымдык канализация куруу боюнча маселе чечилген. Ал үчүн 20 гектар жер бөлүнүп, тазалоочу курулуштары курулат. Мындай ыкчам жана стратегиялык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууга Баткен шаарын башка шаарлар үлгү ала тургандай калаага айландыруу үчүн шаардыктар да жардам берип, тилектештик пикирлерин билдирип турушса, ишибиз алдыга жылат. Мындай дегенибиз 30 жылда болбогон ири долбоорлор мамлекет тарабынан каржыланып жатканда ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керек! Башталган мындай жагымдуу жаңылыкты көпчүлүк колдошууда. Буюрса, кыска аралыктын ичинде Баткен шаарын өнүктүрөбүз!

Адылбек Акматов “Баткен таңы”


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version