"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

НООРУЗДУН УРМАТЫНА УЮШТУРУЛГАН УЛУТТУК ОЮНДАР ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

 21-мартта облус борбору Баткен шаарында, улуттук оюндар көк-бөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча чоң мелдеш уюштурулду.
Улуттук оюндардын катышуучулары арбын болуп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартууланды.
Жеңүүчүлөр дипломдор, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча Баткен облусунун биринчилигине балбандар 7 салмакта күч сынашты.
Ал эми Көк-Бөрү боюнча мелдеш Баткен шаарынын командаларынын арасында өтүп, жыйынтыгында
1-орунду Кызыл-Дөң кварталынын командасы
2-орунду Базар- Башы кварталынын командасы
3-орунду Кызыл-Жол кварталынын командалары ээледи.
Мелдештин максаты- спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана элге жайылтуу болуп саналат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version