ӨКМ билдиргендей 2024-жылдын 30-июлунан 31-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда усел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз!
– арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
– турак үй жайгашкан жерде жаан суулары – агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
– Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
– сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
– мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.