Оюңуз барбы окурман?
Мектептердеги суициддин, кылмыштын алдын алса болобу?
Айтпайсың, сатпайсың!..
Мектептеги мындай идеологияны кантип токтотсок болот?
Бала-бул бакыт. Ата эненин жараткандан тилеп алган байлыгы да, дөөлөтү да бактысы да бала… Бала үчүн эмнелерди кылбайсың. Түн уйкуңду бөлүп, түйшүк тартып, төрөлгөндөн баштап, чоңойсо мага медер болсо деп не деген жакшы үмүт тилектер менен өстүрөбүз. Бекеринен ата энени ботом деп боздотпосун деген сөз айтылбаган чыгар. Мындай дегенибиз акыркы мезгилдерде мектеп окуучулары жылан чакпай, жылкы теппей бөөдө көз жумуп жатышат.
Ал арада ата энелер мугалимдер карабайбы дешсе, мугалимдер тарбия ата эненики, ата эне баланын кайда жүргөндүгүн, эмне менен алектенээрин көзөмөлгө алыш керек дешет. Мындан тышкары, мектептердеги соцпедагогдор менен жашы жетелектер менен иштеген милиция кызматкерлери, кала берсе класс жетекчиси да бала үчүн жоопкер экендигин эске алсак, бир окуучу үчүн беш адам көзөмөл жүргүзөт. Тарбия, билим берет. Класстан сырткары сааттарда жүрүм турум, кулк мүнөздөрдү калыптоо боюнча сааттар өтүлөт. Тилекке каршы ошого карабастан, кайра-кайра эле каргашалуу окуялар кайталанып жатпайбы.
Билимден мурда тарбия керек. Дүйнөгө таанымал окумуштуу тарбиялоого караганда төгөрөгү төп келген инсанды тарбиялоо алда канча жооптуу жана кыйын. Ошондуктан, мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана билим берүүдө сен салар да мен салар атандашуу болбош керек. Андыктан, бул багытта билим берүү министринин дагы өзүнүн мектептеги мындай кырдаалды өзгөртүү боюнча буга чейинки окуу программасындагы иш чаралардан өзгөчөлөнгөн тагыраак айтканда, ата эне, класс жетекчи, соцпедагог жашы жете электер менен иш алып барган милиция кызматкеринин бирдиктүү атайын программасы болушу зарыл.
Мындай дегенибиз мектептерде окуучулар арасында айтпайсың, сатпайсын деген жашыруун идеология бар экендигин баарыбыз эле билебиз. Эркек окуучулардын арасындагы мындай идеологияны көбүнчө класстагы лидер же башкаларга караганда күчтүүрөөк, сабактан начар окуган менен дене түзүлүшү башкаларга караганда чоңураак окуучулар тарабынан жүргүзүлөөрүн мугалимдер билишет. Бирок, мугалимдер (класс жетекчилер) дайым эле аларды тартипке чакырып, же ата энесине баласынын мындай кылык жоругу жөнүндө айта беришпейт. Себеби, ата энеге айтып, жаман көрүнбөйүн, жакшы болуп кетээр дешсе, айрымдары ата – энесине айтып алып, менин баламды эмне күнөөлөйсүң, андан көрө окуткула, тарбия бергиле деген тескери пикирлерди угуудан айбыгышат.
Анын үстүнө азыр мектептерде эркек мугалимдер аз калгандыктан, эжекелер окуучу балдарга сес көрсөтө алышпайт. Ошондон улам, окуучлар нас чегишет, клей жытташат. Алдуулар алсызды ар дайым күнөкөр кылышып, салык салган учурлар кездешет. Биз эркекпиз, доспуз, классташпыз, бири-бирибизди эч качан сатпашыбыз керек. Ким сатса ал эркек эмес деп, алдуулар бир жагынан сатпайсын, айтпайсың деген ички идеологияларын бекемдешсе, экинчи жагынан салык салып же башка класстар менен уруш мушташка чакырып, окуучуларга биринчи класстан тартып эле, ички тартипти киргизип алышат.
Мындайда эмне кылуу керек? Эң ириде ошол бир класстагы же мектептеги ушундай лидер же жаман жолго үндөгөн балдар менен иш алып баруу зарыл. Тартипсиз же лидер балдар майда кылмыш менен милициянын каттоосуна алынаардан мурда мектептин каттоосуна алынышы керек. Директору баш болуп, мектепте канча тартипсиз окуучу каттоодо тураары, кимдиги, эмне менен алектенээри, чылым чегеби, айтор, көзгө көрүнгөн терс көрүнүштөрдүн бардыгы анын каттоо журналында жазылып, ата энеси менен керек болсо, күн сайын иш жүргүзүп туруу зарыл.
Эми ата энелер жөнүндө. Баланын саат сайын өсүүсү көзөмөлдө турушу керек. Кээ бир ата энелер баланын түндө кайда жүргөндүгүнө маани беришпегендиктен, көчө – көлдө көргөн окуучу чылым чеккенди үйрөнүп, ичимдикке андан ары клей жыттап акыры кылмышка кирип барат. Бул ата эненин шору эмей эмне. Эң өкүнүчтүүсү балдарынын мындай жоруктарын ата энелер кеч билип калып жатпайбы.
Балдардын бой тартпай жатып, суицидге, кылмышка барып жатышынын дагы бир себеби миграция болсо, экинчиси кымбат баалуу кол телефондор. Ата эне көзөмөлүнөн алыс калган бала чоң эне, чоң атасына эркелеп, өзү билемге өтүп алат. Ошондуктан, министрлик окуучуларды кымбат баалуу телефондун ордуна жөнөкөй телефондорго өткөрүү боюнча буйругун чыгарышы керек деп ойлойбуз.
Урматтуу окурман, бул менин журналист катары жеке пикирим. Балким коомдогу олуттуу бул маселе боюнча оюңуз болсо, айтыңыз.
Адылбек Акматов