Имаратты ачуу аземине Садыр Жапаров катышты. Улуттук театр 2022-жылы жайда курулуп башталган. 2 кабаттуу объектинин жалпы аянты 1 600 чарчы метрди түзөт. Ичинде 300 орундуу концерттик зал бар. Улуттук театр жаңы салынып жаткан Ак үй тарапта жайгашкан.
Президент “Манас” сыяктуу ата-бабалардан калган мурастарга аяр мамиле кылуу, улуу муундардын жолун улантуу, улуттук жана тарыхый каада-салттарды жайылтуу мамлекеттик саясаттын негизги милдети экенин белгилеп, “Манас” улуттук театрынын коомдогу орду чоң экенин айтты.
