МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – ЭГЕМЕНДИКТИН ӨЗӨГҮ, УЛУТТУН НАРК-ДӨӨЛӨТҮ
23-сентябрь КР Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун 1-ротасынын взводдору арасында иш чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш чарада аталган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун командири Бахтияр Бекматов аскерлерди бүгүнкү тил күнү менен куттуктап, тилдин маанилүүлүгүнө кеңири токтолуп өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө өздүк курамга Мамлекеттик тил күнүнө карата атайын даярдалган видео тасма көрсөтүлүп, ачык сабактар өткөрүлдү.
Бүгүнкү иш чара “Аскер таланттары 2024” кароо-сынагынын алкагында өткөрүлүп, ага өздүк курамдан куралган «Ынтымак», «Универсал» жана «Бүркүттөр» командалары катышты. Сынакта жоокерлер арасында, өзүн-өзү тааныштыруу, патриоттук, энелер жөнүндө ырларды аткаруу, аскерлер турмушунан алынган тамашалар, Манас эпосунан үзүндү айтуу учурунда сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүп беришти.
Жыйынтыгында жеңүүчү командалар Диплом, Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш чара жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.