Бул ирет окутуу “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө” Мыйзамы жана эл аралык макулдашуулардын, меморандумдардын долбоорлорун иштеп чыгуу, ведомстволор аралык макулдашуу тартиби боюнча болду.
Окуу семинары КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментинин директору Адылбек Тультемиров, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышовдордун жетекчилиги астында өттү.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн, бул багыттагы мыйзамдар боюнча кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, протоколдорду даярдоо, меморандумдарды иштеп чыгуу боюнча тажрыйбаларын арттырууга өбөлгө болду.
