"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Өлкөдө жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстанда жүлүн булчуң атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Учурда 12 бала дарыланууда, алардын төртөө чет өлкөлөрдө терапия алып, калганы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан керектүү дарыларды алып жатканы айтылды.

Министрлик билдиргендей, азыркы учурда жүлүн булчуң атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок, бирок заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле Жогорку технологиялар фондунун эсебинен Рисдиплам препараты сатып алынары маалым болду.

Эске салсак, кечээ парламенттик комитетте “Кыргызфармациянын” өкүлү бул диагноз менен ооругандардын саны 28 деп билдирген.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version