"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

ЛЕЙЛЕКТЕ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР ЧЕТТЕТИЛҮҮДӨ

Соц.тармактарда бөлүшүү

24-июнь күнү болжолдуу саат менен 17:40тарда нөшөрлүү жамгырдан улам, Катыраң жана Лейлек айыл аймагында катуу сел жүргөн. Ошол эле замат жергиликтүү бийлик Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков тийиштүү кызматтар менен сел каптаган аймактарда болуп, кырдаалды көзөмөлдөп турду.

Атайын техникалар менен табигый кырсыктан улам, кум-шагал бөгөп калган жолдор тазаланып, жолдор ачылган. Катыраң айыл аймагынан 9 турак үйгө, Лейлек айыл аймагынан 3 турак үйгө сел кирип, кум-шагал толуп калган. Социалдык объекттер, айыл ичиндеги жолдор жарактан чыгып, жарандардын эгин-талааларын да сел баскан.

Учурда бардык аймактарда жол каттамдары ачылып, сел кесепеттерин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү иштери жүрүп жатат. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматтарына таянсак, №13 жол тейлөө ишканасынын, ӨКМдин жана айыл аймагынын техникалары менен кошо 36 куткаруучу тартылган.
Жабыркагандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version