8-январь күнү Раззаков-Ош унаа жолунда 42 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну күйүүчү май ташуучу унааны башкарып бара жатып, унааны токтотуп, арткы дөңгөлөгүн текшерүүнү чечкен. Ошол учурда дөңгөлөк жарылып кеткен.
Киши башынан оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.