Лейлек РИИБдин башчысы милициянын подполковниги К.Козубаев Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөдө коомдук тартипти сактоодо жана коопсуздукту камсыздоодо өз милдеттерин так жана жигердүү аткаргандыгы үчүн кызматынан өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ИИМдин сыйлыктарын тапшырды.
Коомдун коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулуктун алдын алууда, берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн Лейлек РИИБдин бир катар кызматкерлерине “Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалдары тапшырылды.