Раззаков шаарында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү менен жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү Ак-Босого айылында коомдук тартипти камсыздап жүрүп, 4 жашар кыздын мурдуна мончок тыгылып кыйналып жатканын көрөт.
Кичинекей кызга биринчи жардамды көрсөтүп, Раззаков шаарындагы райондук ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөтүп, кайра үйүнө жеткирип коюшту.
Кыздын энеси милиция кызматкерлеринин иш-аракетине ыраазы болуп, ыраазычылыгын коомчулукка билдирип коюуну өтүндү.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы