ЭНЕЛЕР МАЙРАМЫНАН ЭЛЕСТЕР
Бир колу менен ааламды, бир колу менен арча бешикти терметкен ак элечек апаларыбыз “алдей” ырын созолонтуп бала багып, күлкүсүнөн Күн нурундай мээрим төгүп, ажарына Ай түнөтүп, аялдык вазийпасын аткаруудан сырткары, кыргызымдын ак кар, көк муздуу азим тоолорун, ак мөңгүлүү аска-зоолорун жаңырта, ар жылгада айдарым жел менен жарышып ар түркүн куштардын, асманды жара таңшыган ак шумкардын үндөрүн коштоп аваз салышып, ааламга бийиктен туруп саресеп салган алп тоолордун көркүн, анда байырлаган адамдардын жан дүйнөсүн андан бетер аруулукка бөлөп, абалтадан калган салтыбызды, наркыбызды, кыргыз аялзатына гана тиешелүү болгон асыл баалуулуктарды жайылтууда жана кийинки муундарга үлгү болоорлук сыпаттарды калтырууда мыкты иш-чараларды уюштуруп келишет.
Кандай гана маданий-массалык иш-чара болбосун, аймактарда эле эмес, Ала-Тоо айдыңында атпай журтка өз өнөрлөрүн тартуулоо менен бирге, энелерибиз барктап кийген ак элечекти баштарынан түшүрбөй, каада-салт, үрп-адат, адеп-ахлак, уз-чеберчилик жана кийинүү адебин да көңүлдөн сыртта калтырышпай келишет.
Ар кандай аземдердин көркүн ачышып, алдыңкы катардан орун алышып, кыргыздын көз жоосун алган улуттук кийимдери менен дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтердин кызыгуусун арттырышып, “кыргыз айымы мына ушундай” – деген сыймыкка татыктуу шайыр апаларыбыз ар дайым көпчүлүктүн, ал турсун чет өлкөлөргө чыгып көңүл чордонунда болуп келишет.
Ошондой энелерибиз, эжелерибиз жана карындаштарыбыздын башын бириктирген майрам Энелер Күнүнүн урматына Раззаков шаарындагы “Салкын-Төр” тойканасында өтүп, бул ирет аземди уюштуруу жана өткөрүү вазийпасы жигердүү ишкер айым Ыргалай Ташбаевага жүктөлүп, зор шаан-шөкөт, куттуктоолор, сыйлоо, көңүл кушун көкөлөткөн ыр-бийлер менен коштолуп, максатына жетти десек жаңылбайбыз.
Лейлек аймагынын булуң-бурчунан майрамга чогулушкан асылзат айымдарга зал толуп, аларды район акими Канымет Осмонбеков менен Ыргалай Ташбаевалар жылуу куттукташып, аземди ачып беришти. Татыктуу уул-кыздарды тарбиялоодо, коомдук турмуштун ар кайсыл тармактарында өзгөчөлөнүп, эл алкышына ээ болгон энелер райондук акимчилик, Кыргызстан аялдар Конгресси, шаардык Кеңеш, аймактык аялдар Кеңеши жана жеке ишкерлер тарабынан Ардак Грамоталар, төш белгилер, мактоо баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланышып, ардакка татыган апаларга райондун маданият кызматкерлери жагымдуу музыкалык композицияларды тартуулашты.
Сүрөттөрдө: энелердин майрамынан элестер.
Абдиллабек АВАЗОВ,
КР Улуттук жазуучулар жана журналисттер
Союздарынын мүчөсү.
Лейлек району, Раззаков шаары.