
Лейлек районунун башчысы – аким К. Осмонбеков аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча Кулунду, Жаңы жер айыл аймактарында атайын жыйын өткөрдү.
Жыйында чек ара кызматынын, укук коргоо органынын жетекчилери бул багытта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришти.
Алар аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттерге токтолуп, райондун ылдыйкы чек ара аймагында аткезчилик активдешип жатканын белгилеп, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Жыйынтыгында атайын чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Жаны жер айыл аймагына райондук Өнүктүрүү фонду тарабынан атайын тазалык кызматы үчүн техника тапшырылды