Сел кооптуулугу бар аймактарда ӨКМ тарабынан тиешелүү техникалар бөлүнүп, Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчеми белгиленген графикке ылайык аткарылууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалым болгондой, Лейлек районунун аймагында да сел өткөрүүчү сайда механикалык тазалоо, сай жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.
Ал эми Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылындагы Касай участкасы быйылкы иш-мерчемине бекитилип, аталган тилкеде жайгашкан 15 турак үйгө сел келүү кооптуулугу жоюлду. Ал үчүн 150 даана габион торчосу орнотулуп, 1 скважина, 400 метр ички чарбалык жол жана 300 метр ички чарбалык арык сел кооптуулуган коргоого алынды.
