"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“ЛЕЙЛЕК – ТАЗАЛЫК” МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАСЫНЫН ТЕХНИКАЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасына дагы бир атайын таштанды ташуучу унаа сатылып алынды. 2023-жылы жергиликтүү кеңештин депуттарынын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4,5 миллион сом ажыратылып, мамлекеттик сатып алуулар веб порталы аркылуу 3 миллион 840 миң сомго “Экспресс Деливери” ЖЧКсы менен эки тараптуу келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө атайын таштанды ташуучу унаа Раззаков шаарына келди.
Унааны тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.И.Ажибаев, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Б.Осмонбеков, Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Б.Айтемиров жана Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысов катышып, жаңы атайын техниканын ачкычы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.З.Байзоковго тапшырылды. Келген атайын техниканын иштөө процесстери көрсөтүлүп, бүгүнкү күндө шаардын муктаждыгына жараган техника экендиги көрсөтүлдү.
Жергиликтүү аткаруу бийлигинин негизги жана приоритеттүү максаттарынын бири – шаардын аймагындагы тазалык маселеси.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version