Бүгүн, 2024-жылдын 24-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусунун Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында Катран айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) салтанаттуу ачылышына катышты.
«Өзгөрүш» ФАПы Катран айылынын 800гө жакын тургунун тейлеп, алгачкы медициналык жардам көрсөтөт. Жаңы имарат 2024-жылы «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган жана керектүү жабдуулар менен жабдылып, сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн бардык талаптарга жооп берет.
Министр өз сөзүндө аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты министрликтин ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
