"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Лейлек району жыл жыйынтыгын чыгарды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Жыл жыйынтыгы көрсөткөндөй салык топтоонун планы ашыгы менен аткарылган. Башкача айтканда коюлган тапшырма 349,1 млн сом болсо, жыл жыйынтыгы менен 371,6 млн сом жыйналып, план 106,4% га аткарылган, же 22,4 млн сом көп жыйналган.

2023-жылга салыштырмалуу 31,5 млн сомго көп жыйналып, өсүү темпи 9,2 пайызды түздү.

Ошол эле мезгилде республикалык бюджетке пландык тапшырма 160,2 млн сом жеткирилген болсо, 160,3 млн сом жыйналып, план 100,1 пайызга аткарылган же 85,2 миң сомго көп жыйналган. 2023-жылга салыштырмалуу 19,9 млн сомго көп жыйналып, өсүү темпи 14,2% түздү.
Жергиликтүү бюджеттин планы 188,9 млн сом болсо, аткарылышы 211,3 млн сомду түзүп, план тапшырма 111,8 %га орундалган. Бул көрсөткүч планга салыштырмалуу 22,4 млн сомго көп болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 11,6 млн сомго көп болуп, өсүү темпи 5,8 % түздү.
Социалдык төлөмдөр боюнча 2024-жылга карата берилген жалпы план 701,3 млн сом болсо, 705,9 млн сом жыйналып, пландык тапшырма 100,6 % га аткарылган, же 4,5 млн сомго көп жыйналган.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version