"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

ЛЕЙЛЕК: МУРАС АЙЫЛЫНДА СУУ КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

МУРАСТА СУУ КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛДИ
Мурас айылы Лейлек районуну эле эмес өлкөдөгү эң алыскы айылдардын катарында турат. Айланасын бөксө тоолор курчаган бул аймакта айылды аралап өткөн дарыя болбогондуктан, 1987-жылы атайын суу сактагыч курулуп, элет элин агын суу менен камсыздап келген. Жыл өткөн сайын элдин саны өскөнү менен агын суунун көлөмү көбөйбөй, тескерисинче суу сактагыч эскирип, көйгөй артып келген. Ал турсун акыркы он жылдан бери Мурас айылынын тургундары эскилиги жетип, же көлгө кум толгон сайын суусу азая баштаган “суу сактагычты жаңылап бергиле” деп, барбаган жери, кайрылбаган жетекчиси калбаган эле. Бул жерде адилеттүүлүк үчүн айта кетели айыл чарба министри Бакыт Төрөбаеге  көп жылдардан бери сенек болуп келген  ирригация тармагын илгерилеткендииги үчүн элет эли ыраазы болушууда.
2024-жылдын 21-май күнү Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылынын тургундары үчүн тарыхый да, кубанычтуу да окуя болду. Эскилиги жеткен суу сактагыч жаңыланып, кайрадан ишке берүү аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Максатай Каримбердиева, айыл чарба департаментинин башчысы Кубат Сулаймановтор баштаган райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн суу сактагыч айыл элинин көптөн күткөн мүдөөсүн орундатты. Буга чейин эски суу сактагычтан сарыгып чыккан суулардын айынан калк жайкысын бак-дарактарын эгин-талааларына суу жеткире албай бөөдө түйшүк тартып келген. Мамлекеттин каржылоосу 11,200 млн.сомго суу сактагыч толук жаңыланып, кайрадан ишке берилди.
Белгилей кетсек, суу сактагыч Мурас айылында 1987-жылы курулган. Реабилитация иштерине жалпы 11,200 млн.сом каржыланып, анын эсебинен БСРдин коопсуздук максатында тосмо зымдар менен курчалып, 4300 м³ жерде механикалык тазалоо жумуштары аткарылды. 2500м² аянтка сапаттуу геомембрана төшөө иштери толук кандуу бүткөрүлдү. Бул иштерди “Олимп-Кия” ЖЧКсы сапаттуу бүткөргөндүгүн да белгилеп кетели.
Эске сала кетсек бул суу сактагычтан 540 кожолук же 197 гектар аянтка суу берилет. Учурда суу сактагычтын айланасы тосулуп, санитардык нормалар менен да камсыз болушу, Кундуз булактан таза суу ичкен калктын ден-соолугу үчүн дагы пайдалуу.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version