РЕСПУБЛИКАЛЫК КАРОО-СЫНАК ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Раззаков шаарында “Кылым карыткан кыргыз килеми” жана “Өрмөк” аттуу Республикалык кароо-сынак фестивалынын экинчи айлампасы өтүлдү.
Фестивалдын максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу максатын көздөдү.
Аталган иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков, кол өнөрчүлөр кеңешинин Баткен областы боюнча координатору Тоту Гүлбаева, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши ассоциациясынын төрайымы Нурзат Жээнбек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кол өнөрчүлүк боюнча башкы адиси Бактыбекова Кызжибек, сүрөтчү, “Оймо” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк эл аралык фестивалынын башкы директору Динара Чочунбаева, ошондой эле кыргызстандын ар кайсы аймагындагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер катышышты.
Фестивалда Көчөттөр, түрлөр, оюулар нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлду. Анда “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Мурас килем”, “Терме таар”, “Мурас таар”, “Мыкты кол өнөрчү” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.