Лейлек районунун Катыраң айылында 1986-жылы мектепти бүтүргөндөр каза болгон досунун артында калган балдарына заманбап, бүт шарты менен үй куруп беришти. Мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөргө коомчулук, жергиликтүү тургундар ыраазычылык айтышууда. Айыл арасындагы элди ыймандуулукка, биримдикке чакырган мындай жакшы саамалык улана берсин деген каалоо-тилектер айтылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жаңы турак жайлуу болушкан үй-бүлөгө белектер тапшырылды.
ЛЕЙЛЕК: 20 ЖЫЛДЫКТАР ЖАРДАМГА МУКТАЖ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ТУРАК ҮЙ КУРУП БЕРДИ
