Чындыгында тажрыйба адамдын эң чоң жардамчысы деп айтылат. Ал эми тажрыйбасын колдоно билген адамдар келечекке ишенимдүү карай алышаарын турмуш далилдеп келе жатат. Саматова Гульмира Каримовна бир топ жылдардан бери ар кандай, коомдук иштерде жана ишкерликти жогорулатуу багытында өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт. Эл менен иштешти, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү менен мамиле жасаганды өз тажрыйбасында жакшы билет. Бардык иштерди мыкты, жогорку деңгээлде аткарууга аракет жасап, өзүнүн тажрыйбасы менен билимин бирдей колдонуп иштеп келе жатат деп ишеничтүү айта аламын.
Мындан 26 жыл мурда Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагындагы “Күлдү” орто мектебинде орус тили мугалими катары эмгек жолун баштаган каарманым азыркы кезде өз алдынча изденүү менен республикалык, Орто Азия боюнча жана дүйнөлүк онлайн жана офлайн тренингдерге, окууларга, акселерацияларга жана республикалык көргөзмө, форумдарга активдүү катышып келүүдө.
Албетте, “Жакшы башталыш-жарым ийгилик” деп айтылат эмеспи. Негизинен эле, тарых барактарын карасак, чоң – чоң иштерде ийгиликке жетишкендер, кичине жумуштарында алгач ийгиликке жетүү менен башташкан.
“Көптү окуган көп билет” демекчи, билиминин тереңдиги менен көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жаткан, өз ишине тың, жоопкерчиликтүү, патриот, эмгекчил, ар бир ишке терең ойлонуп кадам таштаган Гульмира Каримовнаны учурда ийгиликтүү ишкер катары аймагыбыздагы элдин көбү таанып калды.
Мамлекетиме аз да болсо салым кошсом экен деген ак тилектүү кесибин сүйгөн мугалим
2021- жылдан бери “Бизнеске гранттарды тартууну үйрөнүү” онлайн курсунда жалпы Кыргызстан боюнча 25- 65 жаштагы жарандарды окутуп, өз тажрыйбасын башкаларга да жайылтып, үйрөтүп келет.
Төрт тарабы бийик тоолор менен курчалган, калкы жыш жайланышкан Абдыкадыр Орозбеков айылында жергиликтүү элдин эс алуусу үчүн эч бир аянт жок болгондуктан,
2023- жылдын март айында Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен жугуштуу эмес
оорулардын алдын алуу боюнча долбооруна катышып, 786 667 (жети жүз сексен алты
миң алты жүз алтымыш жети) сомдук социалдык долбоор жазган. Мыкты багыттагы долбоор дароо колдоо алып, Күлдү айылына 3 сотых жерге айыл тургундары үчүн көчө тренажерлорун орнотушту. Жер участкасы жана жабдыктардын баарысы толугу менен айыл өкмөтүнүн балансында. Бул жайдын иштеши менен азыр айылдын көркүнө көрк кошулуп, жаш-кары эс алуучу, ден-сооолугун чыңдоочу, жаш балдар үчүн да көңүл ачуучу жай болуп, айылдын көрктүү жерине айланды.
Менин оюмча, ар бир адам өмүр бою аракетин токтотпостон эмгектенүүсү зарыл. Себеби, чаңдай болгон көзгө көрүнбөгөн майда жандыктардан баштап чоң жылдыздарга чейинки жаратылган жандуу жана жансыз заттардын баардыгы тынымсыз аракетте болорун ар бирибиз жакшы билебиз го.
Куштар бактан-бакка конуп, өз ырыскыларын издесе, бак алдындагы суулар да зыпылдап агымын токтотпойт. Эгер бул ааламда мындай циклдүү кыймыл-аракет, эмгектенүү, тырышуу жана аракеттенүү болбогондо жашоо алдакачан эле токтоп калса керек деп ойлоймун жеке оюмда. Ал эми муну жакшы түшүнгөн Гульмира Саматова 2024-жылдын май айында Кыргыз патенттин “40 айылдан 40 долбоор” инновациялык долбооруна катышып, 500 000 (беш жүз миң) сомдук грантты утуп алды. Ага 1 100 (бир миң бир жүз) түп лаванда көчөтүн сатып алып, 10 сотых жерге тигип, жайкалта өстүрүп үй- бүлөлүк ишкердигин дагы жүргүзүп жатат. Аллах насип кылып, Кыргыз патенттин 500 000 сомдук гранттык колдоосу менен, Кыргызстан боюнча 2-болуп Кудук айылында, дарылык жана башка касиеттери көп 1000 түп лаванда гүлү отургузулган. Ушул убакта долбоор кызуу жүрүп, демөөрчүлөр тарабынан мониторинг башталып жаткан учуру.
Күз күрөшү кызуу жүргөн убак октябрь айынын биринчи бейшемби күнү Кудук (Гараж) айылынын М.Исаков жана Биримдик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Көгүлтүр бак” лаванда гүлбагынын ачылыш аземи болду.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз патент ишканасынын атайын өкүлдөрү, облустук, райондук, жергиликтүү органдардын башчылары жана жергиликтүү жашоочулар катышышты
Кайраттуу, акылдуу, эмгекчил, патриот кызыбыз жакында ACTED фондунун гранттык колдоосу менен мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сомдук жабдыктарды алды. Учурда табигый, ден соолукка пайдалуу алма чипсыларын жана мөмө жемиштерден конфет өндүрүп сатыкка чыгарып жатат.
Аны менен бирге эле көп жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип, келечек ээлери болгон жаш муундарга тарбиясын берип, аларды кичинекей кезинен эмгектенүүгө үйрөтүп, мыкты билимин берип келет. Үйүндө сүйүктүү жар, мээримдүү эне, иштеген жеринде мыкты мугалим, коомдо үлгүлүү инсан катары орду чоң.
Замандын агымына жараша билим алып, жаңы нерселерди үйрөнүп, коомго өз салымымды кошсом экен деп талыкпай эмгек кылып келген каарманыбыз дайыма аракеттин үстүндө болуп, элге, мамлекетке кызмат кылсам деген чоң максатын ишке ашырууга аракети күч.
Айылдаштары, коңшулары жана “Күлдү” орто мектебинин директору Үлпат Кожонова,
айыл башчы Алимов Авазбектер жана башкалар аймагыбыздын өсүп- өнүгүүсү үчүн
колунан келген аракетин жасаганга даяр эмгекчил кызын ар тараптан колдоп-кубаттап, алкыш айтып турушат. Райондун, жалпы эле облус аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытындагы маселелерди чечүүдө жана инвестицияда тартууда колунан келишинче өз салымын кошуп, жергиликтүү жашоочуларга бизнес гранттарды тартууну үйрөнүүнү жайылтып жаткан Саматова Гульмира Каримовнанын келечекте кичи жана чоң ишканаларды ачып иштетүүнү дагы колго алаары алыс эместир.
Шарапат Эгембердиева, Кадамжай району