Кызылча өзүнүн пайдалуулугу жана дарылык касиети менен элдик медицинада кеңири колдонулуучу азык. Ал адамдардын эң таттуу, эң көп колдонулган сүйүктүү азыгы. Кызылча адамдын организмине керек болгон витаминдерге жана минералдык заттарга бай. Анын курамында В, С, А витаминдери көп, ал эми минералдык заттары йод, магний, кальций, темир болуп эсептелет. Алар тамак сиңирүүгө, ден соолукту бекемдөөдө чоң роль ойнойт.
Жалбырагынан баштап тамырына чейин пайдалуу
Кызылча С витаминдин, жез жана фосфордун негизги булагы. Ошондой эле организмдеги керексиз улуу заттарды чыгарып турат. Анын жалбырагы А витаминине бай, ал эми тамырында С витамини бар. Кызылчадан даярдалган тамактар денедеги зыяндуу шишиктерден сактайт.
Жашартуучу касиетке ээ
Кызылчанын курамындагы В9 витамини жүрөк оорусуна калкан болот. Бул витаминдин тамак-ашта кездешүүсү гемоглобинди жогорулатып, аз кандуулукка каршы күрөшөт. Ал организмди жаш боюнча сактап калган касиетке ээ. Аны колдонгондо активдүү жаңы клеткалар пайда болуп, маанай көтөрүлөт.
Жетишкен жана жетишпеген жактары
Кызылча – бул кварц. Ал сөөктүн бекем болушу, артерия жана тери саламаттыкта болушу үчүн негизги элемент. Бирок бул пайдаларына карабастан кээ бир адамдар үчүн зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эгер ашказаныңызда оору бар болсо же анын кислотасы бийик болсо этияттап колдонуш керек. Бул азык бөйрөктү гана эмес канды дагы тазалайт. Организмдеги кислотаны жогорулатат жана боорду тазалайт, мээни калыптандырат, уулуу заттардан коргойт. Эрте картаюудан алыстатат, психиканы жөнгө салат. Кызылча В витаминдин организмде болуусуна өбөлгө түзөт жана андан башка көптөгөн витаминдерди алабыз.
Эс алдыруучу касиетке ээ
Сууга бышкан кызылча жана анын кайнатмасы(суусу) организмди эс алдырат. Чийки кызылчанын ширеси гипертония оорусунда пайдалуу.
#пайдалуукенеш