"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кызыл-Жолдогу гитара көлүн билесизби?

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сырдуу көлдүн тарыхы

Кылымдарды карыткан көл Кызыл-Жол айылынын Түндүк-Чыгышында жайгашкан. Көлдүн кайсы мезгилде пайда болгонун эч бир адам билбейт. Анткени бул көл сыйкырдуу деп коюшат. Суусу тунук жана кышында тоңбойт. Себеби кышында суусу жылуу, жайында суук болот. Суу  чыккан жеринен, балыктар кирип-чыгып ойноп турат. Көлдүн тунуктугу да өзгөчө, укмуш көздүн нурун алат.

Уламаштарга караганда көлдүн суусунун дарылык касиети да бар. Такталбаган маалыматтарга таянсак, сарык менен ооругандар көлдүн балыгын 10-15 мүнөт тиктеп, оорудан айыкса болорун айтышууда. Дагы бир касиети көз ооруларына да дабаа деп айтып келишүүдө айыл тургундары.
Көлдүн дагы бир аты “ГИТАРА”. Мындай аталышынын себеби түзүлүшү гитара аспабына окшош. Айрыкча жаз айларында көл көрккө бөлөнүп, айылдын көркүн ачат. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айтымына караганда, көл жаралгандан бери Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Кызыл-Бел, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа айылдарын суу менен камсыз кылып келет.

Жергиликтүүлөр бир мезгилдерде Кызыл-Жол айылына бөтөн жерден изилдөөчү келип, көлгө кызыгуусу артып кеткенин айтышат. Ал окумуштуу “бул көлдүн суусун ичкен элден башкача балдар өсүп чыгат” дегени бар экен.
Эң кызыгы, көлдүн баш жагында жалгыз тал дарагы өсүп турат. Дал ошол дарактын түбүнөн көлдүн суусу чыгып турат. Бул көл пайда болгондон бери көп айыл-кыштактарды суу менен камсыз кылып турса да, суусу түгөнбөйт. Элибизде тал түбүнөн түгөнбөгөн суунунун чыгышы купуя сыр бойдон келүүдө.

Автор: Осмонова Нургүл Бекташовна,
Кызыл-Жол орто мектебинин тарых мугалими

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version