ӨКМ билдиргендей бүгүн, 17-май күнү таңкы саат 04:55те Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Best KFS” кичи кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кызыл-Кыя шаарындагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн атайын өрт өчүрүүчү унаасында 2 өрт өчүрүүчү куткаруучу тартылган. Саат 05:18де өрт чектөөгө алынып, саат 05:53тө толугу менен өчүрүлгөн.
https://www.youtube.com/watch?v=sZwuvuQMOwQ
Натыйжада кичи кафеге туташ жайгашкан башка имараттар өрт коркунучунан сакталып калды.
Жалпы ээлеген аянты 90 чарчы метрге жеткен тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша жабыркагандар жок.