"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

КЫЗЫЛ-КЫЯДА ТЕЛЕФОН УУРУЛУККА ШЕКТҮҮ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде телефон саткан дүкөнгө беткапчан кирип, уюлдук телефондорду алып чыгып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой Кызыл-Кыя шаарынын 37 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы телефон саткан дүкөнүнө белгисиз атуул дүкөндүн чатырын тешип кирип, дүкөн ичинде сатыкта турган РS-5 жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга жалпысынан 400миң сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.
Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун 16 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын аныкталып кармалып тергөө бөлүмүнө жеткирилген.
Уурдалган буюмдар өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version