Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 2024-жылдын 9-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т.(аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н.(аял киши) сойкулук аракеттерин ишке ашыруу учурунда кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар алынган.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
