Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан “Мыкты тарбиячы-2024” сынагы уюштурулуп өткө рүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Дамира Матосмонова билдирди.
Анын айтымында, аталган сынакка шаар боюнча 14 тарбиячы катышып, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн жана кесиптик жетишкендиктерин көрсөтүштү.
Жыйынтыгында 1-орунга предметтик мугалимдердин арасында №18 бала бакчанын кыргыз тили мугалими Шерали кызы Жазгүл, тарбиячылардын арасында №5 “Жеткинчек” бала бакчасынын тарбиячысы Асанова Айнура, 2-орунга №6 “Алтын балалык” бакчасынын тарбиячысы Түгө лбаева Каныгүл, 3-орунга №10 “Теремок” бакчасынын тарбиячысы Марасулова Феруза, 4-орунга №3 “Ак-Тилек” бакчасынын тарбиячысы Рахманова Элмиралар байгелүү орунга чыгышты.
Ошондой эле №18 “Дюмовочка” бала бакчасынын кыргыз тили мугалими Шерали кызы Жазгүл предметтик мугалимдердин арасында облустук турда Кызыл-Кыянын намысын коргоп, 1-орунга чыгып, республикалык сынака катышуу үчүн жолдомо алды!
Сынактын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык профсоюз комитети тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.
