Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарды жана каптарды жасаган муниципалдык ишкана алгачкы продукциясын сыноо иретинде чыгарды.
Ишкана шаардык мэрия жана жеке ишкердин өнөктөштүгү менен түзүлдү.
Ишкананын жабдууларын сатып алууга республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттан 4млн 600миң сом жумшалган.
Сыноо иретинде чыгарылган баштыктар, шаар бийлиги тарабынан ишкерлерге сунушталып колдоо тапкан. Соода түйүндөрүнүн ээлери ар кандай көлөмдө жана дизайнда тапшырыктарды берүүдө.
Күнүнө 5000даана баштык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишканада 10го жакын жумуш орун түзүлөт.
Экологиялык жактан таза баштыктарын өндүргөн ишкананы түзүүнүн максаты – полиэтилен баштыктарды кагаз баштыктарга алмаштыруу менен калктын ден соолугун жана шаардын тазалыгын сактоо, жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетти өстүрүү.
Белгилүү болгондой, акыркы кезде айлана чөйрөнү коргоо талаптарына ылайык, кагаз баштыктарынын артыкчылыгына өзгөчө маани берилүүдө.