"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кызыл-Кыяда 2,7 млн сомго аллея курулду

Соц.тармактарда бөлүшүү

 20-ноябрда Кызыл-Кыя шаарынын Караван аймактык башкармалыгында элдин күчү менен курулуп жаткан аллеянын курулуш иштери аяктап ачылуу аземи болду. Ага шаар мэри Асилбек Маткалыков, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар мэри: – Күч бирдикте экенин белгилеп, ынтыкмактуулук менен биригип аллеянын курууга салымын кошкон жалпы элге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле курулуш, уюштуруу иштеринде жигердүү эмгектенип салымын кошкондорго Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчаларын тапшырыды.
Аллеянын сметалык баасы 2 млн 700 миң сом.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version