"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

КЫЗЫЛ-КЫЯ: ИШКЕРЛЕРДИН УКУКТАРЫ КОРГОЛОТ

Соц.тармактарда бөлүшүү

 26-июнда  Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын демилгеси менен жергиликтүү ишкердик субьекттеринин катышуусунда  Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж.Маткалыков, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.А.Курбанов, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун жардамчысы И.А.Орозалиев жана Салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу уюштурулуп, анда Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы 388 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобо” тууралуу жана ишкердик субъекттеринин укугун коргоо жаатындагы укуктук ченемдик актылар боюнча баяндама окулуп, түшүндүрмөлөр берилип, эки тараптуу талкуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу  Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгын аткаруу максатында «Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо» Автоматташтырылган маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккандыгы жана ал 2023-жылдын 1-январынан тарта иштей баштагандыгы билдирилип, бул тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, ишкердик субъектилер “Бизнести коргоо” мобилдик тиркеме аркылуу пландаштырылып жаткан текшерүүнүн мыйзамдуулугу менен таанышуу тууралуу маалыматтар түшүндүрүлдү.
Шаар мэри А.Маткалыков өлкөнүн, шаардын өнүгүүсүндө ишкерлердин салымы зор экендигин баса белгилеп, ишкердикти өнүктүрүүгө Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы дайыма колдоо көрсөтөөрүн айтып өттү.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version