"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргызстанда мобилдик тиркемелер аркылуу которуулар үчүн комиссиялар жоюлду

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 25-ноябрынан тарта Кыргызстанда акча которуулар банктык мобилдик тиркемелер, төлөм системалары же интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлсө, төлөм алынып салынат, деп билдирет Улуттук банк.

Бул эреже 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот жана өлкө ичинде сом менен которууларга колдонулат. Комиссияны жокко чыгаруу жеке адамдардын ортосундагы бардык которууларга, анын ичинде эл аралык системалардын банктык карталарына которууларга да тиешелүү. Бирок төлөм терминалдары аркылуу которуулар үчүн комиссия алуу кызматы кала берет.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version