"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргызстанда детектив жанрында сериал тартуу үчүн 17,8 млн сомго тендер жарыяланды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстанда 17,8 миллион сомго сериал тартылат.  Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемеси тендер бул сериал үчүн жарыялаган.

Маалым  болгондой көркөм чыгарма детектив жанрында болуп, сметалык баасы 17 миллион ​​881 миң 817 сомду түзөт.
Тасма “Тайган туйгун” деп аталат. Тендердик сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү — 10-май.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version