"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргызстан менен Тажикстандын Ворух анклавы боюнча жаңы келишими

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавы боюнча жаңы келишимге келишти. Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү боюнча, тажик тарап мурда анклавдын айланасындагы 19 миң гектар жерди пайдаланган болсо, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аларга 14,5 миң гектар жер калган.

“Тажик тараптын өтүнүчү боюнча Ворух анклавынын айланасындагы миң гектар жайыт жер тажиктерге берилди, анын ордуна Чоң-Алай районунун Караганды-Сай участогунда бизге миң гектар жайыт жер берилди”, — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасы, тажик тарап Ворух анклавынан 5 миң гектар жайыт жер сураганын, бирок кыргыз тарап анклавдын аймагынын чоңоюп кетиши мүмкүн деп, 1 миң гектар жер гана бергенин белгиледи.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version