"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргыздар салмакты кантип эсептешкен?

Соц.тармактарда бөлүшүү

 

Мыскал, ашмүшке, пайса, зээр деген сөздөрдү кулагыңыз чалды беле?

Ал түшүнүктөр өтө аз салмактагы баалуу асыл таш, дары-дармек, апийим, чайды өлчөө бирдиги болгон.

Окурмандарга азыноолак маалымат бере кетүүнү эп көрдүк. 👇👇👇

🔸Мыскал — 4,2-5 грамм же жүз даана арпа даны;

🔸Зээр — 49,2 грамм;

🔸Байса, пайса — 50 грамм;

🔸Кадак — 409,5 грамм, бул сөз жергиликтүүлөр арасында совет бийлиги орногонго чейин кеңири колдонулган;

🔸Жың — 600 грамм;

🔸Чексе — 5-6 килограмм. Ошондой эле мурун дарыгердин дары салган баштыгын да чексе дешкен;

🔸Чейрек — 4-6 килограмм;

🔸Баштык – 10-12 килограмм;

🔸Батман — 65,5 килограммдан 262 килограммга чейин салмак. Аны кыргыздар Октябрь революциясына чейин кеңири колдонгон.

@kyrgyz_kep


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version