"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участогу нейтралдуу макамга ээ болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

“Полотно жолунун туурасы 10 метр, эки тараптан 15 метрден коопсуздук тилкелери бар, жалпы 40 метрлик аймак нейтралдуу статуска ээ болду. Бул жер айрыкча тажик тарапка да, кыргыз тарапка да тиешелүү эмес. Эми эч ким бул жолду өзүнүн жолум деп тосуп ала албайт. Бул Төрт-Көчө маселесинин чечилгенин билдирет”, — деди Камчыбек Ташиев.Ал Төрт-Көчө боюнча “сөздөр көп, бул ишке чейин биздин аткаминерлердин жана мамлекеттик жетекчилердин жасаган иштери чыккынчылык болду. Кийинчерээк бул маселени кеңири түшүндүрүп айтып берем”, — деп кошумчалады.
Төрт-Көчө — стратегикалык мааниси чоң участок. Ал жерде Ош — Раззаков жолунун Ворух анклавынын тургундары Тажикстанга баруучу жол менен кесилишет. Чек ара такталбаган эле. Жаңжал учурунда тажик тарап Ош — Раззаков жолун жабып, анын натыйжасында Баткен жана Лейлек райондорунун айрым бөлүктөрү Кыргызстандан бөлүнүп калчу.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version