"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

11-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашып,бул ишти Тажикстанд өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достук маанайда  өттү.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version