"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Курман айт: Мааниси, өзгөчөлүгү жана негизги эрежелери

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстанда быйыл Курман айт майрамы 6-июнда белгиленет. Бул — мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири болуп, кайрымдуулук, боорукерлик жана биримдикти даңазалаган ыйык күн.

Курман айттын маңызы
“Курман айт” арабча «ийд» сөзүнөн келип, жыл сайын кайталанып туруучу майрам дегенди билдирет. Бул күндө мусулмандар курмандык чалып, анын этин муктаждарга таратып, коомдогу биримдикти бекемдешет.

Кимдерге курмандык чалуу важиб?
Ханафий мазхабы боюнча, курмандык чалуу төмөнкү шарттарга жооп берген мусулманга важиб болот:

Акыл-эси жайында, балагат жашына жеткен;

Жолдо жүрбөгөн (мусапир эмес);

Негизги муктаждыктарынан тышкары байлыгы бар (нисабга ээ).

Кандай мал курмандыкка жарайт?
Кой, эчки — бир адам үчүн; уй, төө — жети адам үчүн чалынышы мүмкүн. Жылкы, коён, тоок, үндүк сыяктуу жаныбарлар жарабайт. Мал толук, дени сак жана белгилүү жаш курагында болууга тийиш:

Төө — 5 жаш;

Уй/бука — 2 жаш;

Кой/эчки — 1 жаш (алты айлык козу чоң көрүнсө жарайт).

Курмандык чалуунун убактысы
Айт намазынан кийин башталып, үч күнгө созулат. Намаздан мурда союлган мал — курмандык катары эсептелбейт. Эгер адам мал алып, бирок союуга үлгүрбөй калса, ошол малды толугу менен садака кылат.

Курмандык эти жана териси
Малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү өзүнө, экинчиси муктаждарга, үчүнчүсү конокторго. Терисин сатууга болбойт жана соючу адамга акы катары берилбейт.

Курман айт күндөрү сунушталган амалдар:

Айт намазынан мурун тамактанбоо;

Түн ичинде зикир, намаз менен алек болуу;

Колдон келген кайыр-садака берүү;

Мусулмандарды куттуктап, салам айтуу.

Бул улуу майрам — ыймандуулукка, жоомарттыкка жана адепке үндөгөн өзгөчө күн. Ар бирибиз бул күнү жакшылык кылууга, жакындар менен бирге болууга жана коомдук тынчтыкты сактоого салым кошолу.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version