"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кулундуга жандандыруу бөлүмү ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылды Кулунду Жалпы дарыгерлик практикалык борбору жакшы жөрөлгө менен баштады. Кулунду ЖДПБру тарабынан демилге которулуп Баткен облусттук ФОМСтун жетекчилиги колдоого алып, кыска убакыт аралыгында бардык керектуу эмеректер алынып 4 керебеттуу жандандыруу бөлүмү (реанимация)” ачылды.

Бөлүмдүн ачылышы менен кошо ФОМС тарабынан Бешкент бөлүмүнө хирургиялык каана, дартты аныктап аны консультациялоо бөлүмүнө флюраграфия (8млн 500миң) жана терапия бөлүмүнө кошумча койка кошо ачылды. Жандандыруу бөлүмүнүн ачылуу саамалыгына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -акимдин орун басары М. Каримбердиева, Баткен облустук милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун башчысы К.Сапарбаев, Кулунду айыл аймагынын өкмөтү Ө. Ташбалтаев, эмгек жамаат жана башка айыл аксакалдары катышты. Жалпы фонду 12млн сомду түзөт. 2024-жылга буюрса дагы жакшы иштер аткарылмакчы.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version