"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Кулунду үчүн көп эмгек жасаган айым

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүзейнеп Ташбекова, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты^

Кулунду үчүн көп эмгек жасаган айым

Кулунду үчүн көп эмгек жасап, элим-жерим деп күйүп бышкан мекенчил айым Бүзейнеп Сапаралиеванын дагы бир максат тилеги ишке ашты. Лейлек районуна караштуу Кулунду айылдык кеңешинин депутаты, Кулунду батыш айылынын ден соолук комитетинин төрайымы кызматын аркалаган бул айымдын буга чейин дагы далай ири долбоорлору калкка кызмат кылып келет. Жаш муундардын насаатчысы, чебер-уз, мындай бактылуу эне жөнүндө канча айтсак да төп келет.

2023-жылы Швейцария мамлекетинин каржылоосу менен “Хелси Фючер” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун негизинде Кыргызстан Айылдык Ден соолук Комитеттеринин Ассоциациясы жарыялаган гранттык конкурска Кулунду айыл аймагынын АДКларынын атынан “Дени сак Кулунду” деп долбоор жазып, 1 млн. сомдук фитнес клуб-машыктыруучу залды түзүү боюнча грант каражат утууга жетишти.
Натыйжада, 12-январь 2024-жылы Кулунду айылында жалпы аймактын аялдары үчүн ден соолукту чыңдоочу фитнес-клуб – машыктыруучу залдын ачуу аземи болуп өттү.
Бул салтанатка Лейлек райондук администрациясынын аппарат башчысы Акжол Нийматович, долбоордун Баткен облустук координатору Халима Усманова, жана Назг\л Азимова, Лейлек РДК жетекчиси Райкан Мажитова, Кулунду айыл аймагынын башчысы Ъскънбай Каримович, депутаттар, аскердик бөлүмүнөн, мектептерден өкүлдөр, музыкалык мектептин жамаатынан, маданият кызматкерлери, “Акмаржан” шайыр апалар жамааты, аймактагы АДК төрайымы, АДК мүчөлөрү жана айылдык атуулдар катышышты.
Бузейнеп эжеке өз сөзүндө – “Бул долбоордун ишке ашуусунда “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоорунун жетекчиси Джаманкулова Толкун Джолдошевна, долбоордун координатору Айдаралиев Рахатбек Бөкөнович, Кыргызстан ден соолук комитеттеринин ассоциациясынын директору Токтогонова Венера, директордун орун басары Мамыткожоев Рахат, облустагы координаторубуз Халима Өктөмовна, айыл өкмөт башчыбыз Өскөнбай Каримович, айыл өкмөттөгү инвестиция бөлүмүнүн адиси Азамат Асралов, Баткен ЖИА кызматкерлери, айыл башчы Айдар Төрөев, маданият үйүнүн директору Айниса Алдакулова, КУЗ кабинетинин адиси Ажар Мукарамовалар жакындан жардам берип, колдоо көрсөтүштү. Бул инсандарга терең ыраазычылык билдирем”-деп кубанганы байкалып турду.
Мындан сырткары машыктыруучу залдын курулуш иштеринде, жабдыктарды кураштырып иреттөөдө, электр чубалгысын тартып, душун курууда колунан көөрү төгүлгөн усталар: Калбек Жакыпов, Алим Жумабаев, Мыктыбек Аширов, Нургазы Тойчиев, Сүймөнкул Рустамовдорго рахмат айтып, белектерин берип, аземди көркүнө чыгарууда “Акмаржан” шайыр апалар, маданият кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Бүүрайма Худайбердиева, Лейлек району


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version