"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

«Келечекте өз өлкөмдүн билим тармагына салымымды кошсом дейм»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Самарбек Абдиманнанов, «Алтын сертификат» ээси: «Келечекте өз өлкөмдүн билим тармагына самымымды кошсом дейм»

Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Мындан улам, эң жогорку упай топтогон 56 окуучу “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду. Алардын катарында Баткен облусунан 232 упай менен эң жогорку упай алгандардын 4-катарында турган Самарбек Абдиманнанов да бар. “Алтын сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчү менен биздин кабарчыбыз маектешип, анын ийгилиги, кантип тестирлөөгө катышканы тууралуу билип көрдү.

 

– Самарбек, «Алтын сертификат» ээси болушуң менен куттуктаймын! Ийгилик сырларың менен бөлүшө кетсең?

– Рахмат. Бүтүрүүчү катары ЖРТга 7 ай толук даярдандым. Эң жогорку балл алууга аябай эле аракет кылдым. Мугалимдерим да жардам беришти. Өзүм дагы атайын лагерлерге барып даярданып жаттым. Ата-энем, менин жакындарым да мага багыт көрсөтүп, кеңеш берип турушту. Аракет кылсаң, бир натыйжа болоруна ишендим.

Тестирлөөдөн төмөнкү балл алып калган абитуриенттерге маанайды чөктүрүүнүн кереги жок экендигин айтар элем. Анткени, ЖРТ – бул сынак. ЖРТ жашоонун акыркы чекити эмес, жашообуздун бир эле этабы. Андыктан, ошол баскычтан жакшы өтүп алуунун аракетин кылса, баары жакшы болоорун белгилеп кетким келет.

 

Бул сүйүнүч кабарды кимден уктуң жана ошол мезгилдеги сезимдериң тууралуу айтып берсең?

– Мен бул кабарды өткөн жылы окууну бүтүрүп кеткен Бактияр деген байкемден уктум. Ал «сен ЖРТ боюнча 232 упай алыпсың. Өлкөдө эң жогорку упай алгандардын 4-катарында турат экенсиң» деп сүйүнүчтүү кабарлады. Мен аябай кубанып, толкунданып, байкеме кайра чалып, толугураак маалымат алдым. Бул күнкү кубанычымда чек жок эле. Ошол учурда төбөм көккө жетип, жетинчи асманда жүрдүм десем да болот. Жакындарым, досторум чалып куттуктап жатышты. Мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезип, алдыда өзүмдүн келечегиме болгон ишенимим бекем болду.

 

– Келечектеги пландарың, кайсы кесиптин ээси болсом дейсиң?

– Келечекте мугалим болоюн деп чечтим. Анткени, бирөөгө бир нерсени үйрөтүп, келечекте билимдүү муунду окутуп, тарбиялоо максатында педагогика жаатын тандадым. Мындан улам Ала-Тоо Эл аралык университетине тапшырып, жогорку билим алсам дейм. Өз өлкөмдө калып, элим үчүн кызмат кылып, өлкөмдүн билим тармагына өз самымымды кошкум келет.

 

Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таңы»

 

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version