Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык 2024-жылдын 30-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагынын Жетим-Дѳбѳ айылында катуу жааган жаандан сел жүрүп, автоунааны агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу, өздүк курам жана кошумча күчтөр чыгып, терөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аймакта ДЕУ-МАТИЗ автоунаасын башкарып бараткан Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган А.Р. аттуу тургунун анын жубайы 1990-ж.т. Ж кызы А, уулдары 2012-ж.т. Р уулу Р, 2020-ж.т. Р уулу Н жана 2016-ж.т. Р кызы А. сел агызып кеткендиги маалым болгон.
Кыргыз Республикасынын ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында 3 атуулдун жансыз денеси табылып, жакын туугандарынын эч кимге арыз-доосу жок болгондуктан жансыз денелерге сыртынан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Ал эми аман калган кыз 2016-ж.т. Р.А. Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилип, денесинен алган жараатына медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Учурда жеринде Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, КР ИИМдин Күзөт кызматы, жергиликтүү тургундар, ардагерлер жана кошумча күчтөр дайынсыз болуп жаткан Р.уулу Н. издеп табуу, селдин кесепетинен жабыр тарткан жагдайларды калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек каза болгон 1988-ж.т. А.Р. КР ИИМдин Күзѳт кызматынын кызматкери болгон.