"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

«Кандай гана кырдаал болбосун, биз Мекендин жүгүн көтөрүүгө даярбыз»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бахтияр Бекматов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун командири:

 «Кандай гана кырдаал болбосун, биз Мекендин жүгүн көтөрүүгө даярбыз»

 

 

 

Мекенди коргоо ар бир эр-азаматтын ыйык парзы. Башкалардан айырмаланган кыргыз жоокерлеринин мекенчилдиги, эрдиги чынында эле өрнөк. Мекен чегин ишенимдүү кайтарып, кандай гана кыйын кырдаал болбосун өлкөбүздүн чек араларын коргогондордун катарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батаольонунун командири Бекматов Бактыяр Кудайбергенович да бар.

 

Өзү Теңир-Тоодо төрөлсө да, «Баткенде кызмат өтөйм» деп келген Бахтияр мамлекеттик сыйлык «Эрдик» медалынын ээси. 2006-жылы орто мектепти аяктагандан кийин, аскер кызматына чакырылып, андан соң биротоло аскер адамы болууну чечкен. Бир жылдык аскердик милдетин өтөп бүтүп, келишимдик негизде кызмат өтөгөн. 2010-жылы Казакстан Республикасындагы «Кургактагы аскерлер» аскер институтуна тапшырып, ийгиликтүү аяктагандан кийин өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кызмат өтөгөн.

Аскердик тартипти бек сактаган Бахтияр мырза 2020-жылы өз каалоосу менен Баткен жергесине келип, Баткен шаарындагы КР Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштаган. Аталган бөлүктүн атайын даярдыктагы «Шер» отрядынын командиринин орун басары – штаб башчысы болгон. Өзгөчө абалда өздүк курамды жетектеп, коюлган аскердик тапшырмаларды так аткарган Бахтияр Бекмаматов учурда 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батаольонунун командири болуп кызмат өтөөдө.

– Ата Мекен – мен үчүн ыйык. Кандай гана милдет, тапшырма болбосун, ал менин өмүрүмдөн кымбат. Өздүк курам менен иштөөдө жана ар кандай кырдаалдарда аскердик тапшырмаларды аткарууда ар бир кыргыз жоокери бул милдетти ыйык сезишет, – дейт батальондун командири Бахтияр Бекматов.

Бахтияр Кудайбергенович жубайы жана 3 перзенти менен Баткен жергесинде жашайт. Жубайы Назгүл Каимова ден соолук сакчысы болсо, Бахтияр мырза Мекен сакчысы. Баткенден табышкан эки жаш кандай гана кыйынчылыктар болбосун «биз мекендин жүгүн көтөрүүгө даярбыз» дешет.

Баткен мекенчил кадрларга муктаж. Назгүл невропатолог дарыгер. Буга чейин Баткен жергеси невропатологдорго муктаж болуп келгендигин эске алсак, Назгүл айымдын дагы Баткендеги аркалаган жүгү жеңил эмес. Мекен, өзгөчө Баткен жергеси ушундай мекенчил жаштарга муктаж болуп турганда өлкөнүн эң алыскы чек арада жашаган Баткен үчүн көктөн табылган кадрлар десек болот.

Бахтияр Бекматов бизди аскер бөлүгүндөгү жоокерлер үчүн түзүлгөн шарт менен да тааныштырып чыкты. Азыркы учурда Мекен коргоочулардын шарты мурдагыдай эмес, баары ордунда. Ысык суу, жетиштүү шарт, сапаттуу азык-түлүктөр менен камсыздалган казармадагы жашоо ар бир жоокердин ден соолугу жана Ата Мекенге ак дилден кызмат кылуусуна толук жооп берет.

Көпчүлүк аскердик кызматка келген жаштар келиши менен аскердик кызмат өтөөгө кызыкдар экендигин дагы батальондун командири Бахтияр мырза бизге кеңири айтып берди.

 

Адылбек Акматов, «Баткен таңы»


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version