Камчыбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча улуттук курама команданын кеңири тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Команда 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында Малайзия менен беттешке (6-июнь) даярданууда.
19 жаштагы коргоочу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиядагы Паоло Росси атындагы футбол академиясында билим алып, кийин испан клубдарында машыккан.