2025-жылдын 10-майында Кадамжай районунун Бүргөндү айылында “Жаникул Садиров” атындагы милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМинин колдоосу менен өтүп, ага Баткен ОИИБдин жана Кадамжай РИИБдин жетекчилери, милиция ардагерлери жана айыл аксакалдары катышты.
Айыл аксакалы Алчынбай Төралиев ИИМге ыраазычылык билдирип, мындай шарттар мурда болбогонун белгиледи. Жаңы имарат жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоого жана милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртууга багытталган.
