Бүгүн 9-декабрда Кадамжай районунун Майдан айылында – Баткен облусунда климаттык коркунучтардан жана мүмкүн болгон табигый кырсыктардан коргоо максатында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды.
Фергана өрөөнү – Борбордук Азиядагы калкы жыш жайгашкан жана климаттык коркунучтарга өзгөчө дуушар болгон аймактардын бири. Аймакта суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый кырсыктар байма-бай катталып турат. Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.
Иш-чарага борбордук жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, анын ичинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы делегациясы, БУУӨП жана Майдан айылынын тургундары катышты.
Бул долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган БУУӨПтүн «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» программасынын алкагында ишке ашырылды.
